Бишкек шаарында арыктын бир бөлүгү толугу менен бетон менен жабылып калганын күбөлөр видеого тартып, социалдык тармактарда бөлүшүштү.

Видеонун автору жана шаар тургуну мындай кадамга түшүндүрмө берүүнү, эмне үчүн арык бетон менен жабылганын ачыктоону суранып, талап коюуда.

Азырынча бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик же тиешелүү кызматтар расмий билдирүү жасаган жок.