2026-жылдын 13-ноябрында өткөн бул маанилүү жолугушуу Түштүк жана башка МТБ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын, ошондой эле МТБ өлкөлөрүндөгү Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн (омбудсмендердин) алдындагы Балдар кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусу менен ишке ашты. Конференцияга Бишкек шаарынын мэриясынын жана Билим берүү департаментинин кызматкерлери да кошулушту.

Катышуучулардын саны

19делегат
6өлкө

Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын психологиялык абалы, санариптик доордогу кыйынчылыктар жана МТБ мейкиндигинде өрнөктүү колдоо ыкмаларын алмашуу боюнча ачык диалог үчүн аянтча түзүү болуп санат. Жолугушуунун модераторлору катары Кыргыз Республикасынан Балдар кеңешинин мүчөлөрү Нурэл Орунтаев жана Адеми Саипова чыгышты.

Программанын алкагында ар бир өлкөнүн өкүлдөрү өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Армениянын өкүлү Анна Ахвердян кибербуллинг жана санариптик зомбулуктын алдын алуу боюнча доклад окуса, Беларусьдан келген Егор Огурцов Балдар кеңешинин активисттеринин психологиялык бакубаттуулук маселелеринде теңтуштары менен иштешүү тажрыйбасын айтып берди.

Кыргызстандын өкүлү Адеми Саипова жаштардын психикалык ден соолугунун келечек муунду калыптандыруудагы таасири тууралуу сөз кылды. Ошондой эле Россиянын делегаттары Дарья Мишина жана Виктория Федореева РФ балдар коомдук кеңештеринин психологиялык абалды сактоо боюнча иштери тууралуу маалымат беришти.

Конференциянын катышуучулары · 6

  1. Нурэл ОрунтаевКыргызстандын Балдар кеңешинин мүчөсү
  2. Адеми СаиповаКыргызстандын Балдор кеңешинин мүчөсү жана докладчы
  3. Анна АхвердянАрмениянын өкүлү
  4. Егор ОгурцовБеларусьдин делегаты
  5. Дарья МишинаРоссиянын делегаты
  6. Виктория ФедорееваРоссиянын делегаты