Кырсык 26-июлда эртең менен саат 6да Юнусалиев көчөсүндө болгон. Белгисиз адам кийимсиз эле өтүп бара жаткан кызга кол салган. Ал жабырлануучуну жерге жыгып, бир нече убакыт турууга мүмкүнчүлүк бербей кармаган.

Окуядан кийин кол салган адам качып, ак түстөгү унаага отуруп кеткен. Жабырлануучу көгөрүүлөрдү жана гематомаларды алгандыгы кабарланды.

Бишкек милициясы кол салган адамды да, аны ташып кеткен айдоочу досун да кармаган. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлгөн.