Социалдык тармактарда тараган видеодо кызга кол салган деп шектелген жарандарды милиция кызматкерлери таап, кармады. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Видеодо жарым жылаңач эркек киши тротуарда бараткан кызга кол салып, аны менен кошо жыгылып, андан кийин качып кеткени көрүнүп турат. Кийинки кадрларда ал адам келип токтогон унаага отуруп, кетип калганы байкалат.
Милицияга видеодогу А.Х. аттуу 1990-жылы туулган жаран жана Б.У. аттуу 1991-жылы туулган жаран жеткирилген. Аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси, башкача айтканда, «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлдү.









