Бишкек шаарында үч жигиттин адаттан тыш, жарым уйкудагы абалы жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурду. Алар гараж кооперативинин аймагында отурушат.

Антинаркотикалык активист өз социалдык барагында алардын абалын көрсөткөн видеону бөлүшүп, аларды наркозунун таасиринде деп шектеди.

Бул окуя Уметалиев жана Чуюков көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

31-июлда Ленин райондук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча тергөө иштерин баштаганын билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө бардык зарыл чаралар аткарылууда.