Бишкек шаарында үч жаңы асма жөө өтмөктөр өз ишин баштады. Алар Жибек жолу проспектиси, 7-Апрель жана Магистральная көчөлөрүндө жайгашкан.

Учурда өтмөктөр сыноо режиминде иштеп жатат. Бул мезгилде адистер алардын иштешин жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулугун кылдат баалап жатышат.

Шаар бийлиги тургундарды жол эрежелерин сактоого, белгиленген жөө өтмөктөр аркылуу гана өтүүгө жана жол белгилерине көңүл бурууга чакырган.