Бишкек шаарында Кожобергенова көчөсүндө кечки сааттарда жол кырсыгы болду. Бетономешалка жолдон чыгып, жол боюндагы бетон устунга урунду.
Кырсыктын себеби катары машинанын тормоздору иштен чыккандыгы болжолдонууда. Бул тууралуу кырсыкты көргөн күбөлөр кабарлашты.
Видео кадрлардан бетономешалканын жолдон чыгып турак жайлардын жанына токтогону көрүнүүдө. Учурда жабыркагандар тууралуу маалымат жок, кырсыкка байланыштуу териштирүү улантылууда.














