Кыргыз поэттору 26-июлда Алматы шаарындагы Маданият музейинде өтө турган Дүйнөлүк поэзиянын тынчтык үчүн конгрессине катышат.

Бул конгресс «Шелковый путь» VI Эл аралык поэтикалык фестивалынын алкагында уюштурулуп, Евразия өлкөлөрүнөн бир топ поэтторду бириктирет.

Иш-чаранын негизги максаты – поэзия аркылуу тынчтыкты бекемдөө, элдер аралык маданий диалогду өнүктүрүү жана бири-бирин түшүнүүнү арттыруу.

Программада көп тилдүү поэтикалык окуулар, чыгармачылык жолугушуулар жана маданий алмашуулар каралган.

Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген катышуучулар поэзиянын элдерди жакындаштыруу, маданий ар түрдүүлүктү сактоо жана кызматташууну күчөтүүдө ролун талкуулашат.

Иш-чараны белгилүү адабиятчы Цао Шуй, Ван Фанвэнь (Кытай), Улугбек Есдаулет (Казакстан), Алтынай Темирова (Кыргызстан), Усмон Азим (Өзбекстан), ошондой эле доктор Ашраф Абуль-Язид (Египет) модераторлукка алышат.

Кыргызстанды бул эл аралык форумда төмөнкү поэттор өкүлдүк кылат: Акбар Рыспулов, Асан Жакшылыков, Доктурбек Юсупов, Абдрахман Алымбаев (Баяс Турал), Кыялбек Урманбетов, Каныбек Иманалиев, Алтынбек Исмаилов, Алтынай Ормотоева, Элдар Аттокуров жана Алтынай Темирова.