Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы 2-августтан бери дайынсыз жоголгон 35 жаштагы Дмитрий Шевелевге издөө жарыялады. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
ИИБдин маалыматы боюнча, 4-августта милицияга жоголгон жарандын атасы кайрылган. Ал 2-август күнү саат 17:00 чамасында Дмитрий Шевелев Литвинов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. Анын жүргөн жери учурда белгисиз.
Белгилери: бою болжол менен 175 см, орто бойлуу, чачы кыска. Милициянын айтымында, жаран психикалык оорудан жабыркайт.
Жоголгон күнү ал жашыл спорттук футболка жана кара шорта кийген болчу.
Бул факт Ленин райондук ИИБдин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.
Дмитрий Шевелевдин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды милицияга төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнүшөт: 0312 35 26 05 (нөөмөт бөлүмү) же 0705 45 05 53 (байланыш номери).















