Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатры 12-августта кытай кинолору күндөрүн баштайт. Бул кинофестиваль «Жибек жолу жарыгы менен көлөкөсү» эл аралык долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.
Кино долбоорунда кыргызстандык көрүүчүлөргө ар кандай жанрдагы төрт тасма көрсөтүлөт. Алардын ичинен космоста тартылган 8K форматындагы уникалдуу «Шэньчжоу-13» тасмасы биринчи орунда турат.
Тасмада космонавттар Чжай Чжиган, Ван Япин жана Е Гуанфу алты айлык космостук миссияда өздөрү оператор болуп, атайын даярдалган 8K камера колдонушкан.
Көрүүчүлөр космос жашоосун компьютердик графикасыз, космонавттардын көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Тасма документалдуу стилде жана замандын эң жаңы кино технологияларын колдонуу менен тартылган.
















