“Каганат” коомдук кайрымдуулук фонду “Каганат” тарыхый киноэпопеясынын биринчи расмий трейлерин көрсөттү. Долбоорду жаратуучулардын айтымында, бул кыргыз кинематографиясынын тарыхындагы эң масштабдуу жана кымбат долбоор болуп эсептелет.
Фонддо белгилешкендей, Кыргызстанда биринчи жолу өзүнчө тасма эмес, жалпы тарыхый жана көркөм концепция менен бириккен беш толук метраждуу көркөм тасмадан турган бирдиктүү киноэпопея түзүлүүдө. Ар бир тасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышын аныктаган көрүнүктүү инсандар жана окуялар жөнүндө баяндайт.
Киноэпопеянын биринчи тасмасы – “Барсбек Каган” тарыхый драмасы – 19-сентябрда Кыргызстандын бардык кинотеатрларында кеңири прокатка чыгат.
Премьера Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган, ал эми долбоор КР Президентинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Тасманын борборунда – Барсбек Каган, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Ал Енисей аймактарында жашаган кыргыз жана башка коңшу урууларды бириктирип, көз карандысыз мамлекет түзгөн. Анын башкаруу мезгилинде Кыргыз каганаты гүлдөп өнүгүп, ошол кездеги эң ири империялар эсептешүүгө аргасыз болгон таасирдүү мамлекетке айланган.











