Бишкекте өткөн экстремалдык көчө спорт түрлөрү фестивалында жергиликтүү жана чет элдик спортчулар өз өнөрлөрүн көрсөттү.

18-июлда «Ынтымак-2» паркындагы скейт-паркта BMX, скутер жана паркур боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы 70 спортчу катышты.

19-июлда «Адинай» паркындагы воркаут аянтчасында чемпионат өтүп, анда 30 күйөрмандык жана 10 профессионал спортчу күч сынашты.