2026-жылдын 18-ноябрында Технопаркта (Meta залында) электрондук коммерция боюнча жылдык E-COM EXPO форуму өтөт. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясы биргеликте уюштурууда.
Форум мамлекеттик органдардын, банктардын, төлөм операторлорунун, логистикалык компаниялардын, маркетплейстердин, IT-сервистердин, билим берүү мекемелеринин жана ишкерлердин өкүлдөрүн бириктирет. Анын негизги максаты — тажрыйба алмашуу, ишкердик байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанда менен Борбордук Азияда электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн аянтча түзүү.
Программада эмнелер бар?
Иш-чаранын программасына маркетплейстердин, финтех жана IT-компаниялардын кейстерди жана тренддерди талкуулоосу, логистикада буйрутмаларды берүү пункттарынын ролу, ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн жасалма интеллект чечимдери тууралуу маалыматтар кирген.
Панелдик талкуулар
- Төлөм-финансы системасын өнүктүрүү (модератор — АЭК финансы боюнча комитетинин төрагасы Тимур Сарыбаев)
- Транспорттук жана складдык логистиканы өнүктүрүү (модератор — АЭК логистика боюнча комитетинин төрагасы Юнус Заиров)
- Маркетплейстерди жана онлайн-аянтчаларды өнүктүрүү (модератор — АЭК маркетплейстер боюнча комитетинин төрагасы Бакыт Ирсалиев)
- Кесиптик билим берүүнүн эмгек рыногу менен байланышы (модератор — «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун өкүлү Ажар Жолонбаева
EXPO-аянтчасы
Катышуучулар маркетплейстерде каттоодон өтүү, продукцияны сертификаттоо, товарларды маркалоо, логистика жана накталай эмес төлөмдөр боюнча консультациялар алуу мүмкүнчүлүгүн алышат.











