Пит Хегсет Пентагонду жетектей баштагандан кийин, ведомствонун Украинага болгон көз карашы байкаларлык түрдө өзгөрдү. Бул тууралуу The Atlantic басылмасы өз булактарына таянып билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, 2025-жылдын февраль айында Дональд Трамп менен Владимир Зеленскинин Белый үйдөгү талашы АКШ администрациясынын көз карашын өзгөрткөн. Эми Вашингтон Киевди союздаш катары эмес, жардам сурап жаткан тарап катары карай баштаган.
Жогорку кызматтуу бир украиндык чиновник Хегсет Украина жөнүндө угууну каалабайт деп баса белгиледи. Ошондой эле, Жо Байдендин администрациясынын тушунда Коргоо министри Ллойд Остин Россия менен Украинанын ортосундагы конфликт тууралуу жума сайын отчет талап кылган болсо, Хегсеттин жетекчилигинде мындай тажрыйба токтотулган.
Октябрь айынын ортосунда Kyiv Independent порталы Пентагондун башчысы Европалык союздаштар тарабынан төлөнгөн Patriot зениттик-ракеттик комплекстери үчүн ракеталарды Украинага берүүнү атайын кечиктирип жатканын билдирген.













