Бүгүн түнкү саат 00:30дө Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде УПСМ кызматкерлери BMW унаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу буйрукка баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.}}{"type":"paragraph","data":{"text":"Куугунтуку учурунда айдоочу патрулдук унаа менен кагылышып кеткен. Унаа Москва жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулган. Ал кайрадан качып кетүүгө аракет кылган учурда кызматкерлер тарабынан кармалган."}},{

Милициянын маалыматы боюнча, кармалган жигит мас абалында болгон жана мурда айдоочулук укугунан ажыратылган экен. Алгач ага майда хулигандуулук үчүн протокол түзүлгөн. BMW унаасы айып пул токтотуучу жайга жөнөтүлүп, айдоочу РУВДга жеткирилген.