15-ноябрдын таңында Бишкек шаарында жол кырсыгы катталды. Фрунзе жана Суюмбаева көчөлөрүнүн кесилишинде автокран жеңил унаа менен кагылышкан. Кырсык учурунда автокран Toyota Highlander унаасын бир нече метр сүйрөп, андан кийин капталынан кулап, жеңил унааны басып калган.
Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Кырсык болгон эки унаа тең штрафтык аянтчага жөнөтүлгөн.












