Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын алдындагы акындын эстелигинин жанында өттү.
Аземге президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов, генерал Бакирдин Субанбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сардарбек Жумалиев, Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жана облустун ардактуу аксакалдары катышты.
Катышуучулар үчүн акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүрөттөр жана материалдардан турган көргөзмө уюштурулду. Актёр Чынгыз Мамаев анын «Ата Журт», «Замана» ырларын жана сүйүү лирикасындагы чыгармаларын окуп берди.
Юбилейдин алкагында Чүй облусунун ардактуу жарандары Бишкек шаары боюнча эстеликтерге гүл коюу менен эскерүү жүрүшүн уюштурушту.
- Жүрүш Түбөлүк оттун жанынан башталды.
- Андан кийин катышуучулар Алыкул Осмоновдун, Бүбүсара Бейшеналиеванын жана Аалы Токомбаевдин эстеликтерине гүл коюшту.
- Иш-чара Чолпонбай Базарбаевдин эстелигинин жанында аяктады.

















