Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын ортосундагы келечектеги алакалар тууралуу айтып берди.

Лавровдун айтымында, эки мамлекеттин ортосундагы союздук жана стратегиялык өнөктөштүк финансылык, коргонуу, коопсуздук, саясий координация жана тышкы саясат жааттарында мындан ары дагы өнүгөт.

Министр белгилегендей, эки президенттин чечимдери жана түзүлгөн бекем база өлкөлөр аралык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт.

"Биздин президенттер акыркы жылдар ичинде бекем негизди түзүштү, ал бардык багыттар боюнча өнүгүүгө шарт түзөт", — деди Лавров.

Ошондой эле, ал келечекте кайрадан өнөктөштүктү бекемдеп, биргелешкен аракеттерди улантуу пландалып жатканын белгиледи.