Бишкекте адвокаттын жардамчысы катары өзүн тааныштырып, кылмыш иши боюнча маселелерди чечүүгө көмөктөшүү убадасын берген киши кармалды. Ал жабырлануучуну ишенимге алып, жалпысынан 10 миң доллар алган. Бул тууралуу Октябрь районунун ИИМ расмий билдирүүсүндө маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июнунда К. З. аттуу жаран милицияга кайрылган. Ал К. Ж. аттуу киши өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, анын уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча маселелерди чечүүгө жардам берерин айтканын билдирген.
Жабырлануучунун айтымында, шектүү анын ишенимине кирип, ар кандай себептерди айтуу менен акча талап кылыпты. Анын ичинде экспертиза жүргүзүү, медициналык документтерди тариздөө жана кылмыш иши боюнча башка маселелерди чечүү үчүн каражат керек экенин айткан.
Учурда Октябрь районунун ИИМ тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду. Иш жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1989-жылы туулган К. Ж. аттуу шектүүгө жол таап, аны кармашты.
Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, КР Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык ИИМдин убактылуу кармоо изоляторуна камакка алынды.











