Тоо-Ашуу ашуусунда ири масштабдуу курулуш иштери болушу мүмкүн. Садыр Жапаров Кара-Балта, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда ашуудан өтүүчү экинчи тоннелдин курулушу тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу учурунда Новониколаевка айылынын тургуну Марат Сагынбаев ашуудагы мөңгүлөрдүн абалына тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, автоунаалардын тынымсыз кыймылы жана көтөрүлгөн чаң мөңгүлөрдүн эришине себеп болууда. Ошондуктан ал мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча чараларды көрүүнү сунуштады.

Биз азыр төбөсү төмөнүрөөк жерден экинчи, альтернативдүү тоннель куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Келечекте, Кудай буйруса, башка тоннель курабыз, ошондо Тоо-Ашуу аркылуу өтүүчү автоунаалардын саны азаят.
Садыр Жапаров

Президент бул долбоор келечектүү экенин белгиледи. Бирок жаңы тоннелдин курулушу качан башталаары, анын баасы жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча конкреттүү маалыматтар айтылган эмес.