Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жаңы бренддерди өнүктүрүү, адистерди окутуу жана экспортту колдоо максатында агроазык-түлүк паркын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Долбоордун биринчи этабына Евразия өнүктүрүү банкы 300 миң доллар бөлдү. Каражат парктын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого жумшалат, андан кийин кошумча инвесторлор тартылат.
Экономика министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жай өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен келишимге кол койду. ЮНИДО техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга көмөктөшөт жана инвесторлорду издөөгө жардам берет.
300 000 доллар Евразия өнүктүрүү банкы бөлгөн каражат









