Суусамыр өрөөнүндө болгон жол кырсыгынын кесепетинен мазут төгүлгөн. Буга байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек — Ош унаа жолунун 205-чакырымындагы аймакты текшеришкен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мазут ташыган жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткени аныкталган. Натыйжада жерге болжол менен 4-5 тонна мазут төгүлгөн.

Бул окуя боюнча күнөөлүү жаранга айып пул салынды. Ошондой эле, Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган көзөмөл иш-чараларын улантууда.