Бишкек шаарынын муниципалдык кызматкерлери шаардык маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү тургундар менен түз байланышта иштеп жатышат. Мэр жана анын орун басарлары кабыл алуулардан тышкары, жашоо жайларга барып, кырдаалды өз көзү менен көрүүдө.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, кабыл алынган кайрылуулардын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Жолдорду оңдоо жана инфраструктура
  • Коммуналдык чарба жана турак жай
  • Шаарды көрктөндүрүү
  • Жер колдонуу маселелери

Жылдын башынан бери көрсөткүчтөр

142кабыл алуу өткөрүлдү
2501шаардык катыштык этти

Өткөрүлгөн выездтык жолугушуулар маселелерди тиешелүү кызматтар менен биргеликте тез арада чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жарандардын сунуштарын угуу жана алардын көйгөйлөрүн ордунда эле баалоо үчүн зарыл.