Бишкек шаарынын мэриясында шаардын биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууда Россиянын Соода өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү Айдар Гашигуллин жана экономикалык бөлүмдүн башчысы Николай Бабкин катышты.
Тараптар шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кубанычбек Иманалиев шаарда жолдорду куруу, реконструкциялоо, жашылдандыруу жана муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ал акыркы жылдары жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштердин көлөмү көбөйгөнүн белгилеп, муниципалдык кызматтар Россия жана Беларусь өндүрүшүнүн техникаларын ишенимдүү колдонуп келе жатканын айтты.
Россия тараптын өкүлдөрү Бишкекте өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чаралар, анын ичинде белгилүү чет элдик артисттердин концерттери туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатканын белгилешти. Ошондой эле борбордун жашылдандыруу боюнча активдүү иштерине көңүл бурушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык тарап келерки жылы майрамдык датага карата биргелешкен демилге катары бак-дарактарды отургузууну сунушташты. Алар ылайыктуу аймакты аныктап, көчөттөрдү отургузуу, аларды кам көрүү жана шаарды көрктөндүрүүгө салым кошуу максатында субботник өткөрүү идеясын айтышты.
Кубанычбек Иманалиев бул демилгени колдоп, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.








