Араван районунда жаңы газоблок заводу «Араван Газоблок» 4,82 гектар аянтта курулууда. Заводдун курулушуна болжол менен 1 миллиард сом жумшалууда.

Завод толук кубаттуулугуна жеткенде жылына 300 миң кубометр газоблок өндүрө алат. Мындай көлөмдөгү продукция райондук жана өлкөлүк курулуш рынокторунда пайдалуу болот.

Ишканада 70 туруктуу жумуш орундарын түзүү каралган. Учурда курулуш иштеринде болжол менен 100 адам эмгектенуде.

Ош облусунун администрациясынын маалыматына ылайык, завод иштей баштагандан кийин жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 200 миллион сомдон ашык салык, социалдык жана милдеттүү төлөмдөр келет.

Өкүлдүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев заводдун курулушу менен таанышты. Ал ошондой эле Араван цемент заводуна да барып, анын экономикалык таасирин баалады.