Бишкек шаарынын калкы жаңыртылып жаткан Ататүрк паркынын дарактарынын абалына тынчсыздануусун билдирүүдө. Учурда парк расмий түрдө коомчулукка ачыла элек.
Тургундар парктын аймагындагы дарактар кургап жатканын айтып, тиешелүү жактарды чара көрүүгө чакырышты. Алар бул абалдын парктын келечегине жана шаардык жашыл аймактардын экологиясына терс таасирин тийгизерин белгилешүүдө.
Жергиликтүү калк дарактарды сактап калуу, аларга кам көрүү иштерин жандандыруу үчүн шаар бийлигинен тез арада жардам көрсөтүүнү өтүнүүдө.











