Берлинде өткөн Christopher Street Day (CSD) аттуу жыл сайынкы ЛГБТ-парады учурунда автоунаа элди сүзүп, кеминде бир адам каза тапты жана 16 киши жаракат алды. Бул тууралуу Берлин полициясы билдирди.
Каза болгондордон тышкары, кээ бир жабыркагандардын абалы оор экендиги айтылууда, бирок так маалыматтар азырынча жок. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.
Кырсык Тиргартен шаардык паркынын жанында болгон. Окуядан кийин парад мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Иш-чаранын уюштуруучулары X (мурунку Твиттер) аркылуу катышуучуларды үйгө кайтууга чакырышкан. "Тилекке каршы, түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу иш-чараны мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болдук", – деп уюштуруучулар сахнадан билдиришкен.
Окуядан көп өтпөй Берлин полициясы мындай билдирүү таратты: "Учурда биз көптөгөн полиция бөлүктөрү, ошондой эле Берлин Өрт өчүрүү кызматынын куткаруу отряддары менен бирге Чоң Тиргартен аймагында турабыз. Бул аймакта автоунаа бир нече адамды сүзүп, жарадар кылган деп болжолдонууда. Жабыркагандарга куткаруучулар жардам көрсөтүүдө. Биз шектүүлөрдү жигердүү издеп жатабыз."
Bild басылмасы күбөлөргө таянып жазгандай, болжол менен саат 22:00 чамасында Тиргартен паркындагы элди ак түстөгү фургон сүзгөн. Кийинчерээк Берлин полициясы автоунаанын ак түстө болгонун ырастаган.
Полициянын билдирүүсүндө дагы мындай деп айтылат: "Алдын ала маалыматтарга ылайык, бир нече адам жабыркады, алардын арасында абалы оор, өмүрүнө коркунуч туудурган жаракат алгандар бар. Полиция бир же бир нече шектүүнү издөө боюнча масштабдуу операция жүргүзүүдө."





