АКШлык миллиардерлер арасында өздөрүнө бир гана люкс хан сарай сатып албастан, анын тегерегиндеги бүтүндөй кварталдарды ээлеп алуу тренди пайда болду. Бул көрүнүш «Landmaxxing» деп аталып, «жерди максималдаштыруу» дегенди билдирет.

Мисалы, Meta компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг 2011-жылдан бери өзүнүн Пало-Альтодогу резиденциясынын айланасындагы кеминде 11 коңшу жер тилкесин сатып алууга 110 миллион доллардан ашык каражат сарптаган. Цукерберг жана анын жубайы Присцилла Чан өзүнүн ири мүлкүнүн астына 650 чарчы метр аянттагы бункер курушкан. Коңшулар аны тамашалап «Бэтмендин үңкүрү» деп аташат.

Бункердин курулушу сегиз жылга созулуп, ызы-чуу жана тыгындар менен коштолгон. Цукербергдин үйлөрүнүн биринде анын балдары үчүн жеке мектеп жайгашкан, бирок бул расмий түрдө мыйзамга карама-каршы келген. Пало-Альто көчөлөрүндө миллиардердин коопсуздук кызматкерлерин көп кездештирүүгө болот, алар тротуарларды кайтарып, жергиликтүү тургундардан эмне кылып жүргөнүн сурашат.

«Алар бул аймакты ээлеп алышкан», — деп нааразы болгон New York Times басылмасына миллиардердин коңшуларынын бири.
Коңшуларынын бири New York Times басылмасына

Башка америкалык элитанын өкүлдөрү да ушундай жол менен иш кылышууда. Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос Флоридадагы элиталык Индиан-Крик аралында бир нече люкс вилла сатып алып, ал жерге чоң мүлк курууну пландаштырууда.

SpaceX компаниясынын жетекчиси Илон Маск Техаста кыймылсыз мүлк сатып алуу менен алек, ал жерде өзүнүн кеминде 14 баласы жана алардын энелери үчүн жабык турак жай комплексин түзүүнү көздөөдө.

Эксперттердин белгилешинче, мындай стратегия миллиардерлерге жеке турмушун коргоп гана тим болбостон, аларга таандык аймактардын баасын олуттуу түрдө жогорулатууга мүмкүндүк берет.