Мамлекеттик бажы кызматынын «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында өткөн кеңешмеде жылдын башынан бери болгон көрсөткүчтөр талкууланды. Аталган мезгил ичинде бажы органдары 20 594 укук бузуу фактын аныктаган. Бул иштердин натыйжасында бюджетке болжол менен 1,5 млрд сом кошумча каражат түштү.
Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын башчысы Урмат Назирдиновдун айтымында, учурда бажы органдарындагы кырдаал туруктуу жана кызмат штаттык режимде иштеп жатат.
Өткөөз пункттарындагы кыймыл
«Торугарт» өткөөз пункту боюнча маалыматтар төмөндөгүдөй:
- 25-ноябрды билдирген күнү экспорттук багыт боюнча 546 бош жүк ташуучу унаа чыкты.
- Импорттук багыт боюнча 651 жүк менен унаа кирди.
- Ноябрь айында бул пункт аркылуу жалпысынан 14 939 жүк ташуучу унаа кирген.
«Кара-Булак» электрондук кезекте саат 09:00га карата 1,5 миң унаа турган болсо, күнүнө болжол менен 500 транспорттук каражат өткөрүлүүдө. Ал эми «Иркештам» өткөөз пунктунда 26-ноябрды билдирген күнү Кытайдан Кыргызстанга 638 унаа кирген. Алардын 592 унаа транзиттик ташууну ишке ашырган, 46 унаа болсо импорттук багытта болгон.
Кайра Кытай тарапка 602 унаа чыккан, анын ичинен 565 унаа бош, ал эми 37 унаа жүк менен жолдонуп жаткан.






