12-июль күнү кечинде Жалал-Абад облусунун Кеңеш районуна караштуу Кекилик участкасында күчтүү жаандын кесепетинен сели жүрүп, Базар-Коргон—Арстанбап автоунаа жолунун 14-км чамасында топурак менен куюлуп калды.

Бул кырсык натыйжасында жол эки жактан да жабылып, унаалардын өтүүсүнө мүмкүнчүлүк болбой калды.

Министрликтин өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери менен жергиликтүү аймактын техникалары катышкан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Дорожно-эксплуатациялык ишканадан бир автогрейдер менен бир автопогрузчик, айыл өкмөттөн кошумча эки инженериялык машина тартылып, селден улам жабылган участок тазаланды.

22:30да жол бир тараптуу ачылып, түнкү саат 00:30да эки багытка толук кыймыл кайрадан жанданды.