Ат-Башын районунда 12-июль күнү саат 20:30 чамасында катуу жаандын таасири менен Баш-Кайынды менен Ача-Кайынды айылдарынын ортосунда сел агып чыкты.

Селдин агымы автоунааны, анын ичинде адам турган Lexus үлгүсүндөгү унааны бир жерден экинчи жерге агытып кеткен. Спасательдар өз убагында келип, унаадагы жаранды аман-эсен куткарышты.

Сел агып чыкканда тоодон түшкөн сел агымдары турак үйлөргө чоң зыян келтирген жок.

Учурда Ат-Башы — Өзгөрүш автодору сел салынган жерлеринен улам убактылуу жабылып турат. Айыл өкмөт эки атайын техника менен жолду тазалоо жана оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде район акими, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана тиешелүү уюмдар тартылып, кырдаал көзөмөлдө турат.