14-июлда кечинде Иссык-Көл облусунун Сузак районунда альтернативдүү Север–Юг автожолунун 361-367 километр аралыгында үч жерден сел агымдары түшкөн. Натыйжада жолдун бир тилкеси убактылуу жабылып калды.
Министрликтин маалыматы боюнча, жол тейлөө №31 кызматкерлери селинен калган таш жана балчыктарды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Жол участогу саат 4тө толугу менен тазаланды.
Саат 6дан тартып, транспорттун кыймылы эки багытта толугу менен калыбына келтирилди. Учурда жолдун жээгиндеги селинин калган калдыктарын тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылууда.
















