Бишкек, 23-июль, 2026- жыл /Кабар/. Кыргызстанда аба-ырайындагы нөшөрлү жамгырлардан улам бир нече аймакта селдик агындар пайда болду.

Министрликтин маалыматында, Таш-Көмүр — Кербен — Ала-Бука автожолунун 40-54 км аралыкта сегиз жолу сел жүргөн. Дорождук кызматкерлер тазалоо жана калыбына келтирүү иштери менен алектенишкен. Азыркы учурда кыймыл бир тараптуу ачылган.

Бишкек — Балыкчы — Нарын — Торугарт автожолу боюнча Боом ашуусунда 131-134 км аралыкта дагы сел жүрдү. Арнайы техниканын жардамы менен жол тазаланды, азыркы учурда кыймыл толугу менен калыбына келди.

Ошондой эле, Балыкчы — Боконбаево — Каракол автожолунун 104-км аралыкта Кажы-Сай айылында сел өткөн. Дорождук кызматкерлер тез арада тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Жогоруда айтылган жолдордун бардыгы тазаланды, транспорттун кыймылы толугу менен калыбына келтирилди.