10-ноябрда Баткен шаарында шаардык кеңештин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы болуп жатат. Бул жыйында депутаттардын кароосуна жалпы 17 маселе берилди.

Негизги талкуулана турган маселелер

  • Мэрдин 2026-жылдын 9 айында шаардын социалдык-экономикалык программасын аткаруу боюнча отчету
  • Баткендин жергиликтүү бюджетин 2026-жылдын 9 айында аткаруу маселелери
  • Шаар ичиндеги таштандыларды чыгаруу, жок кылуу жана кайра иштетүү маселелери
  • Медициналык пункттарды жана имараттарды облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна өткөрүп берүү

Жер маселелери жана жаңы курулуштар

Сессиянын алкагында инфраструктураны өнүктүрүү үчүн бир катар жер участокторун муниципалдык менчикке өткөрүү жана пайдалануу маселелери каралат.

2735,75м² жер участогу (Сайдыман Ажы көчөсү)
8040м² жер участогу (Чет-Булак)
1гектар жер (спорт комплекси үчүн)
  • Сайдыман Ажы көчөсүндөгү «Баткен-Автобекети» ААКга таандык 2735,75 чарчы метр жерди муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берүү
  • Чет-Булак аймагындагы көмүр базасынын жанындагы 8040 чарчы метр жерди мектеп куруу үчүн аукцион аркылуу сатуу максатында муниципалдык менчикке өткөрүү
  • Чет-Булакта облустук физикалык маданият жана спорт башкармалыгына спорт комплексин куруу үчүн 1 гектар жер бөлүп берүү

Ошондой эле, «Баткен-Автобекети» муниципалдык чарба ишканасын түзүү жана Курманжан-датка көчөсүндөгү жаңы имарат боюнча чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралууда.