Компьютердик илимдер тармагындагы алдыңкы адистер жасалма интеллект (ЖИ) менен алектенген компаниялар өтө маанилүү жаңылыктарды жашырып жатканын айтышууда. Бул ачылыштар банктардын жана өкмөттөрдүн коопсуздук системаларын кыска мөөнөттүн ичинде жок кылып салат деп коркунуч жаралууда.
Компьютердик илимдер боюнча белгилүү теоретик Скотт Ааронсон Guardian гезетесине берген маегинде, кубаттуу ЖИ моделдери дүйнөдөгү купуя маалыматтарды коддоо менен байланышкан көп жылдык математикалык маселелерди чечүүдө чоң ийгиликке жеткени тууралуу «ырасталган ушактар» бар экенин билдирди.
Бул кырдаалда атайын кызматтар, өкмөттөр, банктар жана жеке компаниялар өз коммуникацияларынын негиздерин тез арада жаңылоого аргасыз болушат. Болбосо, өтө купуя маалыматтардын кеңири таралып кетишине жол берилет.
Ааронсондун жана башка адистердин кооптонуусу акыркы жумаларда алдыңкы ЖИ компаниялары тарабынан жарыяланган бир катар математикалык жетишкендиктерге байланыштуу. Бул ийгиликтер абстракттуу мүнөздө болгону менен, алар жасалма интеллектти келечекте чечилбей калат деп эсептелген маселелерди чечүүгө жете турган деңгээлге жеттинин белгиси болуп саналат.




