Борбор Азия мамлекеттери дүйнөнүн башка өлкөлөрү, анын ичинде АКШ менен байланыштарын кеңейтүүдө улуттук коопсуздукту унутпоого тийиш. Бул тууралуу колумнист Sputnik Кыргызстанга жазган макаласында билдирди.

Макалада АКШ менен Борбор Азия мамлекеттеринин Самаркандда өткөн саммити талкууланат. Анда аймак өлкөлөрүнүн ар кандай өнөктөштөр менен мамиле түзүүдө тең салмактуулукту сактоо зарылдыгы баса белгиленет.

Колумнисттин пикиринде, тышкы саясатта ар тараптуулукка умтулуу улуттук кызыкчылыктарды коргоо менен айкалышышы керек. Өзгөчө коопсуздук жаатындагы кызматташууда өлкөлөр эгемендүүлүгүн жана ички туруктуулугун сактап калууга милдеттүү.

Өнүгүп келе жаткан мамилелердин бардык артыкчылыктарына карабастан, Борбор Азия өлкөлөрү банан республикасына айланып кетүүдөн сактанышы керек.
Колумнисттин макаласынан