АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 17–22-октябрда Өзбекстанды жана Индияны кыдырат. Сапардын жүрүшүндө Самаркандда Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Аны менен кошо америкалык бизнестин 200дөн ашык өкүлү барат, деп жазат Ulysmedia.kz.
Рубио C5+1 форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышат. Бул формат АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирет: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Мамлекеттик департамент бул сапарды «тарыхый» деп атады.
Визиттин максаттары
Сапар Вашингтондун Кытай менен күчөп жаткан атаандаштыгынын шартында болуп жатат. АКШ Борбор Азиянын критикалык маанидеги минералдарына, энергетикалык ресурстарына жана транспорттук каттамдарына кызыгуусун арттырууда. Ал эми аймак өлкөлөрү салттуу таасир борборлорунан көз карандылыкты азайтуу үчүн тышкы саясий жана экономикалык өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулууда.
Атлантикалык кеңештин илимий кызматкери Ариэль Коэндин айтымында, «Трамп администрациясы өзүнүн кызыкчылыктарына, АКШнын кызыкчылыктарына жана Кытай менен глобалдык атаандаштыкка өзгөчө көңүл бурууда».
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары: соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, америкалык инвестицияларды тартуу жана аймактык байланыштарды кеңейтүү.
Делегация жана жолугушуулар
Мамлекеттик катчы америкалык бизнестин 200дөн ашык жетекчисинен турган делегацияны жетектейт. Көп тараптуу жолугушуудан тышкары, ал беш өлкөнүн ар биринин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын ичинде Кыргызстан менен дагы.
16-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор менен жолугушту. Тараптар Рубионун сапарынын даярдыгын, C5+1 жолугушуусун жана Өзбек-Америкалык бизнес жана инвестициялык кеңешинин экинчи жыйынын талкуулашты.
Мамлекеттик департамент АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы соода кызматташтыгынын жаңы баскычына үмүт артарын билдирди.
















