Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын 2026–2028-жылдарга чейин кеңейтүү боюнча сунуштар берилүүдө. Анын ичинде кыргыз тилин үйрөнүү колдонмосун жакшыртуу, балдар үчүн мультфильмдер жана жомоктор түзүү, ошондой эле кыргыздын байыркы жазуусун үйрөнүү үчүн мобилдик колдонмо иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Тилди үйрөнүү колдонмолору

Сунуш кылынган иштердин бири – «Кыргызча оңой» мобилдик колдонмосун жакшыртуу. Бул колдонмого жаңы тилдерди кошуу, B1, B2 жана C1 деңгээлдеги курстарды иштеп чыгуу, сабактардын, тапшырмалардын, котормолордун, аудиоматериалдардын жана тесттердин көлөмүн көбөйтүү пландалат. Ошондой эле, сүйлөй айтылган тилди таанууну жана айтылышын текшерүүнү жакшыртуу, үйрөнгөн материалды кайталоо системасын, рейтингдерди жана башка функцияларды кошуу сунушталууда.

Байыркы жазууну сактап калуу

Кыргыз элинин тарыхый-маданий мураасын санариптик форматта таратуу максатында, кыргыздын байыркы жазуусун үйрөнүү үчүн «Битикчи» мобилдик колдонмосун иштеп чыгып, ишке киргизүү сунушталууда. «Битикчи» колдонмосунда кыргыздын байыркы жазуусунун тамгаларын окутуу, оюн элементтери менен жаттыктык көнүгүү, битик-кириллица которуучу жана битик жазуусун колдонуу модулдары камтыйт. Бул колдонмо коомчулукту кыргыз элинин байыркы жазуу маданияты жөнүндө маалыматтандырып, мамлекеттик тилдин тарыхый-маданий негиздерин кеңири таратууга мүмкүндүк берет.

Мультфильмдер

Кошумча чаралар катары, балдар үчүн мультфильмдер жана жомоктор түзүү пландаштырылууда.