Президент Садыр Жапаров Кумторго баруучу жолдун курулушундагы кечиктрүүлөр жана кайра чыгымдын көбөйүшү боюнча маселеге токтолду. Ал өзүнүн маегинде жолду курууну башында Кытайдын China Road компаниясына 800 миң доллардан километри менен бергенге макул болгону менен, кыргыз жол куруу компаниялары бул жумушту алганы тууралуу айтты.
Кыргызстандык жол куруу фирмалары алгач 800 миң долларлык келишимди 600 миңге ич ара бөлүшүп, 200 миңин бизде калсын дешкен. Президент жумушту кыргыз тарапка өткөрүп беришкен соң, экинчи жагдайлар пайда болуп, келишимдин мөөнөтү эки жылдан беш жылга чейин узарып, бир километринин баасы да 1,3 миллион долларга чейин көтөрүлгөн.
















