Балыкчы шаарында 19 жаштагы Ш.А. аттуу жигит көлгө чөгүп кетти. Бул окуя бүгүн жергиликтүү пляждардын биринде болду.
Облус боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы кырсык фактты тастыктап, окуя болгон жерге шаардагы өрт-куткаруу бөлүмүнөн үч куткаруучу жөнөтүлгөн.
Куткаруучулардын изилдөөлөрү учурунда Ш.А.нын денеси көлдөн табылып, натыйжада милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.











