Кыргызстанда президенттик шайлоого талапкерлер 23-декабрдан тарта агитациялоо иштерин жүргүзө алышат. Бул үчүн алардын расмий түрдө катталышы шарт. Мындай маалыматты журналисттерге Борбордук шайлоо комиссиясынын (БАК) төрагасынын орун басары Айдана Жупуева айтты.

Анын айтымында, каттоодон өткөн талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө, агитациялык материалдарды таратууга жана мыйзамда каралган башка иш-аракеттерди жасоого укук алышат.

Агитациялык кампания учурунда мыйзам талаптарынын сакталышы көзөмөлдөнөт. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса, жарандар Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу менен кайрыла алышат. БАКда агитациялык кампаниянын тартибин сактоо боюнча келип түшкөн даттанууларды кабыл алып, карап чыгуучу жумушчу топтор иштейт. Алар кайрылууларды өз жыйындарында карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алышат.
Айдана Жупуева
  1. 2026-жыл, 12-ноябрь

    Талапкерлерди у выдвижение кылуу жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүтөт

  2. 2026-жыл, 23-декабрь

    Агитациялоо иштеринин башталышы

  3. 2027-жыл, 27-январь

    Президенттик шайлоо күнү