Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери Фридрих Мерц Ирландияга болгон сапары учурунда журналисттерге Абу-Дабиде өткөн сүйлөшүүлөр боюнча маалымат берди. Anadolu агенттигинин кабарлашы боюнча, ал Украинадагы маселелерди чечүү боюнча позитивдүү жыйынтыктар бар экенин белгиледи.
Акыркы эки күн ичинде Абу-Дабиде өткөн сүйлөшүүлөрдөн мен позитивдүү сигналдарды алдым. Бул америкалыктар менен кызматташуу аркылуу Европада чыныгы тынчтык тартибин түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болгонун көрсөтөт.
Канцлердин айтымында, сүйлөшүү процессине Украина, Европа өлкөлөрү жана АКШ катышуусу зарыл. Ал эми Евросоюздун конкреттүү өкүлү ким болору маселесин жабык эшик артында талкуулоо керек.
Мерц Россия тараптын Украина боюнча сүйлөшүүлөр Европанын катышуусуз жүргүзүлө албажанын моюнга алууга көбүрөөк даяр болуп жатканын байкап жатканын айтты. Бул кабар жакшы экенин кошумчалады. Мындан тышкары, ал алдыдагы күндөрдө өтө турган сүйлөшүүлөрдүн маанилүү экенин белгиледи.
Бул билдирүү АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Дональд Трамптын күйөө баласы Джаред Кушнердин Абу-Дабидеги консультациялардан кийин Москвага келгени менен бир убакта жарыяланды.
Ошол эле учурда Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен Европа биримдигинин өлкөлөрү Россияга карата жаңы санкциялар пакетин даярдап жатканын жана Украинанын финансылык муктаждыктарын 2027-жылга чейин камсыздоо планын иштеп чырып жатканын билдирди.

















