Бишкек, 3-ноябрь. Азия футбол конфедерациясы (АФК) бүгүн Кубок Азия 2027 мелдешинин мөөнөтү өзгөргөнүн расмий жарыялады. Турнир Сауд Арабиясында өтөт, ага Кыргызстандын улуттук курама командасы да катышат.
Кыргыз футбол союзу билдиргендей, чечим АФК тарабынан уюштуруу комитети (LOC) жана Сауд Арабиясынын футбол федерациясы (SAFF) менен кеңири талкуулардан жана тыгыз консультациялардан кийин кабыл алынды.
АФКнын Азия Кубогун өткөрүү боюнча уюштуруу комитети аймактагы өзгөчө кырдаалды, анын ичинде олуттуу логистикалык кыйынчылыктарды жана транспорттук каттамдардагы үзгүлтүктөрдү эске алуу менен улуттук курамалар арасындагы башкы мелдештин мөөнөтүн өзгөртүү чечимин кабыл алды. Жаңы даталар ФИФАга бекитүүгө жөнөтүлөт.
Sputnik Кыргызстан маалыматына караганда, Кыргызстандын курама командасы Иран, Кытай жана Сирия менен бир топко түшкөн. Мелдешке 24 курама команда катышат.


















