13-июль күнү түн мезгилинде Кочкор-Ата шаарында катуу жамгыр жаап, тоодон сел агымдары көчөлөргө түштү.
Атап айтканда, Дыйканов жана Молодежная көчөлөрү селден келип чыккан суу менен капталып, бул жолдорго унаалардын өтүүсүн убактылуу токтотту.
Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы кабарлагандай, окуя тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин, Ноокен райондук штаб оперативдүү топту жөнөтүп, кырдаал боюнча баа берип, кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарды баштады.
Учурда абал толук көзөмөлгө алынып, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.













