24-ноябрда Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Улуттук тарых музейине барып, музейдин иши жана анын өнүгүү стратегиясы боюнча атайын кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президент администрациясы билдирди.

Кеңешмеге Мамлекеттик катчы менен бирге Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери, музейдин жетекчилиги, Президент администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун окумуштуулары, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана регион таануу институтунун директору, ошондой эле белгилүү тарыхчылар, археологдор жана эксперттер катышты.

Иш сапар учурунда Арслан Койчиев музейдин экспонаттарынын учурдагы абалы жана аларды сактоо шарттары менен таанышты. Андан соң ал тарыхчылардын жана илимий коомчулуктун музейдин концепциясын заманбап талаптарга ылайык жакшыртуу жана тарыхый-маданий мурасты чагылдыруу боюнча сунуштарын угуп чыкты.

Мамлекеттик катчы музейдин миссиясы жөн гана экспонаттарды сактоо жана көрсөтүү менен чектелбейт экенин белгиледи. Анын айтымында, музей улуттук тарыхый эс тутумду калыптандыруу, мамлекеттүүлүк салттарын сактоо жана руханий-маданий мурасты келечек муунга өткөрүп берүү менен тыгыз байланыштуу.