Абдрахманов жана 17-көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан эски балдар аянтчасынын ордуна жаңы коомдук мейкиндик курулууда. Курулуш иштерин шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.
Жаңы сквердин алкагында жарандардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ал жерде спорттук машыгуулар үчүн воркаут зонасы, мини-футбол ойноочу аянтча жана балдар үчүн оюн аянтчалары болот.
Мэриянын маалыматы боюнча, бул долбоор жергиликтүү тургундардын, өзгөчө балдар менен жаштардын активдүү жашоо образын колдоого багытталган.
Даяр болгон жаңы мейкиндик
Шералиев көчөсүндө ачылган башка жаңы сквер боюнча айта кетсек, анын жалпы аянты 0,6 гектарды түзөт. Ал жерде бардык муктаждыктар эске алынган.
Сквердин мүмкүнчүлүктөрү
Биз балдар спорт менен машыгышы үчүн, ал эми улуу муун ден соолугун чыңдашы үчүн шарттарды түзүүнү улантабыз.




















