Казакстандын Энергетика министрлиги Кыргызстан тарабынан берилген бензин жеткирүү сурамдарына сереп салып жатат. Бул маселени терең иликтөө иштери жүрүп жатканын РКнын энергетика вице-министри Туткышбаев билдирди.
Министрликтин расмий өкүлүнүн айтымында, сурамдарга жооп берүү чечими кийинки анализдер жана жагдайлардын натыйжаларынын негизинде кабыл алынмакчы.









