Бишкек шаарында ар бир дем алыш күнү айыл чарба продукцияларынын ярмаркалары өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай иш-чаралардын негизги максаты — борбор калаа тургундарын социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү жана фермерлерге орточуларсыз түз сатуу үчүн шарт түзүү болуп саналат.

Ярмаркалар кайсы жерде жана качан өтөт?

  • Ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү — Т. Усубалиев атындагы аянтчада (И. Раззаков, Абдымомунов көчөлөрү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде).
  • Ар бир жума, ишемби жана жекшемби күндөрү — «Джал» микрорайонунда (Минжилкиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде).