Жарманкелерде эт жана сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана күнүмдүк суроо-талапка ээ болгон башка товарлар сунушталат.
Жарманкелердин өткөрүлүүчү жайлары
Биринчи май районунда жарманке 7–8-ноябрда Т. Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) өтөт. Андан кийин ал 2027-жылдын июнуна чейин ар ишемби жана жекшемби күндөрү уюштурулат.
Ленин районунда 6-ноябрдан тарта жарманке «Жал» кичирайонундагы Минжилкиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт. Соода ар жума, ишемби жана жекшемби күндөрү уюштурулат.
Кошумча маалыматты 0702 70 20 00 телефону аркылуу алса болот.










