Екатеринбург шаарында Кыргызстандын ички иштер министрлиги жана Россиянын укук коргоо органдары биргеликте иштеп, кыргыз жаранын уурдоо фактысын териштирип, жаранды бошотууга жетишти.
5-августта Кыргызстандын жараны белгисиз жакка уурдалып алып кетилген. Андан соң чоң суммадагы акчаны талап кылуу менен доолап, коркутушкан.
Укук коргоо органдарынын оперативдүү аракеттери аркылуу жабырлануучунун кайда экени белгилүү болуп, ал бошотулган.
Азыркы учурда полиция башка шериктерин аныктоо менен алек болуп, алардын мурда жасаган оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси изилденүүдө.












